Күчтүү премьер бийлик системасын өзгөртөт: президенттик амбициялар баамдоого тоскоол болууда

1633 кароо ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Президенттик амбициялар жана шайлоолордун айланасындагы амбициялар көптөргө бийликтин кандай өзгөргөндүгүн, анын күчтүү премьер-министрдин тарабына ооп кетишин көрүүгө тоскоол болууда. Анын укуктарынан, жөнөкөй тил менен айтканда баш айланат жана бул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин мүмкүн болду.

Кыргызстандын бийлик системасында премьер-министрдин позициясынын конституциялык күч алуусуна карабастан, мамлекет башчынын кызматын көптөр каалашат. Ошондуктан, күзгө белгиленген президенттик шайлоолор өлкө тарыхында эң кызыктуу болушу мүмкүн. Буга чейин эч качан саясатчылар ким талапкерлигин кое тургандыгы тууралуу тез билдиреринде мынчалык кызыгуу менен киришип, мелдешишкен эмес. Бардык салмактуу саясаятчылар бул тууралуу биринин артынан бири жыл башында эле билдиришкен. Айрымдары, шайлоо алдындагы программалары менен чыгып, ошол мезгилде мамлекет башчысын шайлоолор качан өтөрү белгисиз экендигине карабастан, убадаларды берип башташкан.

Декабрдагы конституциялык референдумдан кийин Башмыйзамга премьер-министрдин укуктарын кеңейткен жана өлкөнүн бийлик тутумунда аны негизги фигурага айланткан олуттуу өзгөрүүлөр киргендигине карабастан, мынча эрте башталган электорат үчүн күрөш бир аз таң каларлык көрүнүп турат.

Айрым маанилүү укуктарды өкмөт башчыга берүү кабыл алынган түзөтүүлөрдүн негизин түзөт, себеби парламенттик республикада башкы күч президенттен премьерге өтөт, биринчисине көбүнесе өкүлчүлүк милдеттерин ыйгарса, экинчисине толук бийликти берет.

Өткөн референдум толук кандуу болбосо да, бул жолго карай кадам болгон: мамлекет башчынын укуктары дагы эле жетиштүү, ошондуктан президенттикке потенциалдуу талапкерлер өздөрүнө №1 кызмат ачкан өзгөчө мүмкүндүктөр тууралуу иллюзияларды сакташып, алар үчүн күрөшүүнү чечишсе керек.

Бирок, 2017-жылдын 1-декабрынан кийин Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген соң, Кыргызстандын жаңы тарыхында өкмөт башчы көптөгөн маанилүү, алды менен каржылык маселелердин чечими көз каранды болгон фигурага айланат.

Башмыйзам премьер-министрди президентке бюджетке же салык мыйзамдарына өзгөртүүлөргө кол койбой, аларды парламентке кайтаруу тууралуу кайрыла алат. Буга чейин эч качан премьер Жогорку Кеңештин элегинен өткөн бирок, түзүлгөн каржы абалына жооп бербеген мындай мыйзамдарды кайта чакырып алууну чечүү мүмкүндүгүнө ээ болгон эмес. Парламент бюджетке күч келтирген, же ага кошумча чыгымдарды жүктөгөн, популисттик мыйзамдарды кабыл албоосуна канчалык күрөшсө да, эл өкүлдөрүнүн умтулуусун сындыруу кыйын болгон. Ал эми жаңы түзөтүүлөр мындай чечимдерде премьерди абсолюттук түрдө өз алдынча кылат.

Мындан тышкары, өкмөт башчы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын өз алдынча дайындоо жана кызматынан бошотуу укугун алды. Конституциянын мурдагы редакциясында ал жергиликтүү кеңештердин макулдугу менен гана чече алмак. Бул көбүнесе өкмөттүн чечимдерин аткарууга дээрлик саботаж жасалган жагдайды түзгөн. Бирок күчүнө кирген түзөтүүлөр жергиликтүү кеңештердин партиялык кызыкчылыктарына эмес, премьер-министрге баш ийүүгө негизделген бийликтин вертикалынын калыптанышын шарттайт.

Министрлер кабинетинин башчысынын позициясы коргоо жана улуттук коопсуздук тармагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилеринен тышкары өкмөттүн бардык мүчөлөрүн кызматынан бошотуу чечимин кабыл алууда негизги болуп саналат. Жаңы түзөтүүлөргө ылайык, премьер президентке министрди кызматынан бошотуу тууралуу сунуштай алат. Бирок, эгерде мамлекет башчы беш иш күнүнүн ичинде тиешелүү чечим кабыл албаса, анда премьер парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракцияларынын лидерлери менен кеңешмелерден кийин өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуп, андан соң, Жогорку Кеңешке бош орунга талапкерди көрсөтө алат. Тактап айтканда, иш жүзүндө премьер-министр өлкөдөгү бардык кадр маселелерин жүргүзүп калат.

Албетте, ал коалициялык лидерлер менен кеңешип иш жүргүзөт. Бирок, жалпысынан, анын бийлик иерархиясындагы орду ушунчалык өзгөрүп, ал толук көз каранды, колу байланган өкмөт башчыдан президент менен активдүү аракеттешкен жана анын чечимине таасир берген, коалицияны байма-бай таркап кетүүдөн сактап, парламенттик көпчүлүктүн туруктуулугун бекемдеген башкы оюнчуга айланат.

Кыргызстандын бийлик системасында премьерге алдыңкы ролду Конституцияны жана мыйзамдарды аткаруу боюнча ага жүктөлгөн бардык милдеттер камсыздайт. Мындан тышкары, премьер мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоо, коомдук тартипти, мамлекеттик эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү сактоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, ошондой эле, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө чараларын ишке ашырууну камсыздоосу зарыл.

Бул нормалардын бардыгы баш мыйзамдын мурдагы редакциясында болгон, бирок премьерди бийликтеги өлкөнү башкаруу укуктарынын бардыгын өз айланасында ишке ашырган фигурага айланткан. Бул президент өкүлчүлүк укуктарга ээ болгон, ал эми премьер – бийликтин бүтүндөй системасынын башчысы болуп саналган өлкөнүн парламенттик демократияга карай жылган кадамы болуп эсептелет.

Балким, көпчүлүк потенциалдуу президенттикке талапкерлер үчүн премьер-министр кызматы басып өтүлгөн баскыч болуп саналат. Бирок, кыялына карай оор жолду басып өтүп, өлкөдөгү чыныгы пост үчүн күрөш али алдыда экендигин түшүнбөй жатышкан чыгаар?

Укук таануучу Айнура Эсентурова

Булагы АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий