Италияда жашаган Нурай: Италияда балдар үйү жок, ар бир балага өзгөчө мамиле кылынат

3529 кароо ТАГДЫР 0

Италия дегенибизде акылыбызга паста, макарон жана актер Адриано Челентано эсибизге келет эмеспи. Андан сырткары бул мамлекет жөнүндө кандай кызыктарды билесиз? “Кабар” маалымат агенттиги Италияда жашаган Мирлан кызы Нурайдан аталган өлкөнүн өзгөчөлүгү туурасында маек курду. Нурай Италиядагы Сардиния аралынын Кальяри шаарында туугандары менен турат. Чет жакка биринчи чыгышы болгондуктан бул жактын жашоосуна көнүү кыйын болгонун айтат. Жаңы эл, жер болсо да Нурайдын көз карашы өзгөргөнү менен жан дүйнөсү жана ою ошол бойдон калганын белгиледи.

— Нурай, Италияга барып калганыңдын себеби эмне болду?

— Италияга келгенимдин себеби биринчиден үйдөгүлөргө жардам берүү болду. Бул жакта апам, тайкем, тай эжемдер жашайт. Экинчиден башка мамлекеттерди көрүү жана дүйнө таанымды кеңейтүү деген ойдо да баргамын. Жана ошондой эле, Италиядагы университеттердин бирине тапшыруу максатында бул жерге келгенмин.

— Башында барганда италян тилин билчү белең же ал жактан үйрөндүңбү?

— Тилди билчү эмесмин. Келгенде бир аз кыйынчылыктар болгон, өз оюмду билдире албай 3-4 ай жүргөм. Анан апам Италияда жүргөнүнө көп болгондуктан мени италиялык курбусуна сүйлөшүп койгон. Башка мамлекеттен келген жарандарга тил жагынан жардам берген ыктыярчылар бар экен. Италиялык курбусу мени ошол ыктыярчыларга кошуп койду. Алар италиялык үй-бүлөлөрдүн бири менен мени тааныштырышты. Жардам берип жатып тилди оңой үйрөнүп кеттим. Азыркы убакта китепти түшүнүп окуп калдым. Англис тили болсо Италияда экинчи тил болуп эсептелет. Мен башында келгенде англисче бир аз бар билгендиктен түшүнбөй калган нерселерди англис тилинде айтчумун.

— Италиянын өзгөчөлүгү туурасында кеп курсаң?

— Өзгөчөлүктөрү көп. Италиянын өзгөчөлүгү тарыхый жерлер көп экен. Мурунку заманга таандык тарыхый имараттар азыркыга чейин сакталып калганын байкасак болот. Мага жаккан өзгөчөлүгү бул жакта балдар үйү жок. Балдарды ташташпайт экен. Көп жыл бою кыз-жигит болуп жүрүп бала төрөбөй өтүп кетишкени да бар. Балдарды пландап туруп төрөшөт. Анткени алар ар бир балага мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек деген көз карашта. Көбүнчө 30-45 жаштарда баш кошушат, эң көп балалуу дегенде 3 балалуу болушат. Эгер таштап кеткен учур болсо мамлекеттик үй-бүлө деген бар. Баланы багып алабыз дегендер. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот жана андай үй-бүлөгө акча төлөнүп берилет. Ар бир балага өзгөчө мамиле кылынат.

— Италия ашканасы дүйнө боюнча алдыңкы орундардын биринде экенине кошуласыңбы?

— Ооба. Ашканасы мага абдан жагат. Пастанын эле 100дөн ашык түрү бар го дейм. Алардын баарын жаттап калуу мүмкүн эмес. Италияда паста өзгөчө тамак болуп эсептелинет. Бул жерде эртең менен кофе жана 2 печенье эле жейт. Негизи тамакты түштө жешет. Ал эми кечинде болсо салат эле жеп жатып алышат. Вино көп ичишет, вино ичпегендер суу ичет. Биздикиндей болуп чай ичишпейт экен. Италияга жаңы келгенде мындай кызык окуя болгон. Эртең менен кофе ичким келди. Башында кофе быша элек болот, аны атайын бышырыш керек. Мен аны билбей кофеге сүт, суу куюп ичип алгам. Кыргызстандай экен деп чийки кофени ошентип ичип алгам. Көрсө андай болбойт экен (күлүп).

— Италиянын аэропортунан түшкөндө эң биринчи эмнеге таң калдың?

— Бул жакка келгенде биринчи Венециядан түшкөм. Деңиз үстүндөгү шаар деп коюшат. Машина менен кетип баратканда суунун үстүнө асфальт төшөп койгондой сезилген. Ошонусуна мен таң калдым. Майда биздикиндей дүкөндөр жок. Атайын чоң соода түйүндөрүнө барып соода кылышат. Биздин Фрунзе же Глобус сыяктуу жерлерден керектүү буюмдарын алышат. Ар бир бурчта ачып алган дүкөндөрдү көргөн жокмун.

— Адамдардын бири-бирине кылган мамилеси кандай экен?

— Италиянын менталитети башкача экен. Жаштары улууларды биздей болуп сыйлабайт. Кызыгы, улуулар да аны кабыл алып калган. Эч нерсе болбойт, ал жаш да деп коет. Биздегидей эже же байке деп айтышпайт, 4 жаштагы бала деле чоң кишини аты менен айта берет. Ошондой эле коомдук транспорттордо улууларга кичүүлөр орун бошотушпайт. Эгер орун бошотсоң аны карып калган адам деп шылдыңдагандай болосуң. Мындай көрүнүштү алар терс кабыл алат. Бул жакта италиялык курбуларым бар. Бири-бирине болгон мамилеси ар кандай. Баса, булар карыз беришпейт. Айтайын дегеним акча сураса, эгер жок болсо жок деп эле айтат. Аны башка достору жок деген сөзүнө түшүнүп кайра сурабайт. Италиялыктар мени көбүнчө кытайлык кызга окшоштурушат. Кыргызстан деген мамлекетти билишпейт. Ал эми Казакстан десең “Аа Казакстан” деп турушат. Ушундан улам, мен аларга Казакстандын жанындагы мамлекет Кыргызстандан келгем деп айтамын.

— Алдыда кандай максаттар бар?

— Ушул жылдары университетке тапшыруу пландарым бар. Ал үчүн Италиянын жогорку окуу жайларына кирүү сынактарынан өтүшүм керек. Ал сынактар сентябрь айларында болот. Азырынча каттоодон өтүүдөмүн. Тилден да даярданып жаткан чагым. Эгер ошолордон өтүп кетсем тапшырууга мүмкүн болот. Социология, психология же коммуникация тармагына тапшырайын деп жатам.

— Маегиңе рахмат, окууга өтүп кетишиңе тилектешмин.

Маектешкен Адиль Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий