Иранда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок - КР ТИМ

495 кароо Коом 0

Бишкек, 02.01.18 /Кабар/. Акыркы бир нече күндөн бери Ирандын бир катар ири шаарларында калк менен полициянын кармашы күч алууда. Болжолдуу маалыматтарга ылайык 10дон ашуун адам каза болду,-деп билдирет КР ТИМнин басма сөз кызматы.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын тараткан билдирүүсүнө ылайык, Иранда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок.

Пикир

Оставить комментарий