Интернетсиз жашоо: Келгиле, бири-бирибизди урматтап жашоого үйрөнөлү

458 кароо Аналитика 0

Мындан бир канча жыл мурда адамдар уюлдук телефондорсуз кандай тиричилик жүргүзүп, кантип жашашкандарына таң калам. Азыркы адамдардын жашоосун интернетсиз жана социалдык тармактарсыз элестетүү кыйын. Биз жашаган чыныгы жашоодон тышкары виртуалдык онлайн жашоо адамдардын көңүлүн көбүрөөк ээлеп, көбүрөөк мааниге ээ болууда. Социалдык тармактарсыз адамдын жашоосун элестетүүгө болбой калды. Жумушта, жеке жашоону түзүүдө, көңүл ачууда ж.б активдүү колдонулуп келет. Аралык, убакыт, мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсү сыяктуу түшүнүктөр акырындап жоюлууда.

Социалдык тармактар азыркы коомдун онлайн версиясы десек болот. Жашоодогудай эле ал жерде адамдардын паспорттору-аккаунттары, достору, кызыкчылыктары, сүрөттөрү бар. Адам жашоосунда жасашы керек болгон аракеттерди онлайн түрүндө аткарууга мүмкүнчүлүк алды. Интернет дүкөндөр каалаган нерсеңди үйгө чейин жеткирип беришет, үйдөн чыкпай каалаган курстардан, видеосабактардан каалаган нерселериңди үйрөнө аласың жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болдук. Бирок, көптөгөн жылдар бою коомдо калыптанган жазылып жана жазылбаган эрежелер,интернет доорунда сакталбагандыгын байкап келебиз. Интернеттеги, социалдык тармактардагы өзүн алып жүрүү эрежелери, этикет деген нерселер жөнүндө айтып жатам. Коомдогу эң биринчи эрежелердин бири башкаларга чыдамдуу, толеранттуу болуу. Бирок, коомдун кээ бир өкүлдөрүнө социалдык тармактарда бул эреже жат. Чыныгы жашоодо мындай адамдарга жөн гана көңүл бурбай коюу туура келет, эгерде чектен чыгып баратса алдын алууга мүмкүнчүлүк болот. Онлайн коомчулукта болсо алардын «кылмышы» жазасыз калууда. Онлайн коомдун мындай өкүлдөрүнө азыркы күндө «хейтерлер» деген ат берилген. Бул сөз англис тилинен hate- «жек көрүү» деп которулуп, душмандык жана негативдүүлүктү түшүндүрөт. Алар эмне кылышат? Таптакыр тааныбаган адамдардын постторунун астына негативдүү комментарийлерди таштагандарынан тышкары башкаларды социалдык, гендердик, улуттук, расалык белгилери боюнча кемсинтүү максатын көздөшөт.

Алардын мындай аракеттеринин себептери эмнеде? Эмне үчүн өздөрүнүн энергиясын, убактысын жана жашоосун тааныбаган адамдардын сүрөттөрүнө, постторуна комментарийлерди бергенге жумшашат? Эмне үчүн үйүндөгү жылуу жумшак диванына отуруп алып башкалардын жашоосуна кийлигишишет? Балким өзүнүн негативдүү энергиясын, жинин чыгаруунун жакшы бир жолу деп ойлошобу? Балким өзүнүн убактысын каякка кетирээрин билбегендер же психикалык жактан жабыркагандар. Же балким жөн эле көрө албагандар. Менимче, хейтер бул аныктамалардын баарына жооп берет.

Хейтерлер сыяктуу көрүнүш интернет аймагында кеңири тарагандыктан, психологдордун кызыкчылыгын туудурган. Бир канча изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, хейтерлик эң биринчиден хейтерлердин өзүнө зыян экендиги аныкталган. Анткени, адам ар бир жаман комментарий менен эң биринчиден өзү негатив таасир алат, жек көрүү жана жаман маанайдын атмосферасына чөгөт экен. Көбүнчө, хейтерлерди сынчылар менен алмаштырышат. Объективдүү сын ар дайым пайдалуу болоорун унутпаш керек.

Казакстандык блогер жана ырчы Биназир Ермаганбетова (интернет аймагында Бикабризи аты менен таанылган) Youtube блогунда «Дивандык армия» аттуу чыгарылышын жарыялап турат. Ар бир чыгарылышына Казакстандын белгилүү адамдарын чакырып, алар хейтерлердин өзүнө жазган комментарийлерин камерага окуп туруп жооп беришет. Чыгарылыштын аты айтып тургандай эле, хейтерлер менен чакырылган адамдын ортосундагы батл сыяктуу өткөрүлөт. Өзгөчөлүгү чакырылган адамдын реакциясын көрүү менен бирге, хейтерлерге жеке видео менен жооп берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Албетте, канчалык көңүл бурбай койгонго аракет кылса дагы, адамдын көңүлү гүл дегендей, мындай ачуу сөздөрдү окугандан кийин таасирсиз болбой койбойт. Кир суу менен чачып салгандай эле болосуң. Макул азыр хейтерлер менен кантип күрөшүшөт? Аларды жөн гана блоктошот же көңүл бурушпайт. Анткени, хейтерлер интернетте гана эмес чыныгы жашоодо деле ар дайым болушкан жана болушат. Келгиле, бири-бирибизди урматтоо, сыйлоо, түшүнүп жашаганга үйрөнөлү.

Лира Абакирова, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти

Пикир

Оставить комментарий