Бозо дарылык касиетке ээ, бирок аны ичүүгө болбойт

8557 кароо Дүр дүйнө 0

Өлкөбүздүн бардык аймактарында бозо жасашат. Бозо элибиздин сүйүктүү улуттук суусундугу катары белгилүү. Бирок бул даамдуу жана пайдалуу суусундукту бардык эле кожойкелер жасай алышпайт. Илгери бозону жакшы салган келиндердин аты бүтүндөй айылына таанылып, “баланчанын бозосу” деп мактоого арзып келген. Заманбап шарттарда болсо дүкөндөрдүн жана супермаркеттердин текчелеринен бозону, жада калса анын түрлөрүн да табууга болот.

Бозо – ачкыл тамак, ичимдик. Ошол эле учурда бозонун дарылык касиеттери бар экени белгилүү. Токмок шаарынын тургуну Эркеайым Барыктабасова бозо заара айдоочу касиетке ээ экенин айтат. “Бул суусундук заара айдоочу болгондуктан, бөйрөк ооруларына жакшы. Бирок кан басымды көтөрөт. Аз кандуулар ичсе, гемоглобинди көтөрүүгө жардам берет”, - дейт ал.

Ал эми Ак-Ордо жаңы конушундагы чакан дүкөндүн ээси Жылдыз Исмаилова бозо алардын үй-бүлөсүнүн кошумча киреше булагы экенин айтып өттү. “Биз бозону өзүбүз үйдөн жасап, 1 литрин 35 сомдон дүкөнгө сатыкка коебуз. Анын түрлөрүнүн ичинен таруу бозо кардарлар арасында кеңири белгилүү. Жакшы жасалган, көбүрүп-жабырган, ошол эле учурда таттуу, жумшак таруу бозо жакшы өтөт. Кардарларыбыздын арасында бозону сүйүүчүлөр, ошондой эле дарылык касиети үчүн алгандар бар. Аз кандуулуктан жабыркагандар гемоглобинди көтөрүү үчүн ичишет”, - дейт Жылдыз айым.

Анын айтымында, бозону жасоого көп убакыт жана эмгек талап кылынат. Бирок, даамдуу жасалган бозо кардарларды тартып турса, ага кеткен чыгым өзүн актай турганын белгиледи. “Бозо жасоо үчүн таруу жана угутту базардан алып келем. Ачыткыны улам мурдагысынан калтырып коем. Бозону эскиртпей, улам жаңы салып, кардарлардын суроо-талабын биринчи орунга коебуз. Өзүбүздүн дүкөндөн тышкары, дагы бир дүкөнгө 1 литрин 30 сомдон өткөрөбүз. Кудайга шүгүр, киреше жакшы эле түшөт”, - дейт Ж.Исмаилова.

Жогоруда белгиленгендей, бозо ичимдик болгондуктан, ислам дининин эрежелерине ылайык аны ичүүгө болорун же жоктугун атайын адистен сурадык. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу бозо ичүүгө болбой турганын айтты. “Ислам дининде адал-арам маселеси мусулман баласы үчүн өтө маанилүү. Ар бири адал-арамды билип, үйрөнүшү керек. Мухаммад пайгамбарыбыздын ар бир мас кылган ичимдик арам - деген хадиси бар. Ошондуктан бозо мас кылган ичимдиктин катарына кирет. Кымыз мас кылбайт аны ичсе болот. Максым, жарманы дагы ичүүгө болот”,- дейт Бактияр ажы.

Демек, бозо ачытылып жасалгандыктан, ичимдик катары саналат. Ушул себептүү жогоруда адистин пикиринде айтылгандай, ачытылган бозону ичүүгө болбойт делет. Бирок, элибизде бул суусундук илгертен жасалат жана анын өз сүйүүчүлөрү бар. Ошондуктан өз колу менен бозо салып ичүүнү каалагандар үчүн аны жасоо жолун сунуштайбыз.

Бозо кантип жасалат?

Бозо — таруунун, жүгөрүнүн, арпанын, сулунун шагынан даярдалуучу ичимдик. Бозо салууда адегенде шак сууга чыланып ачытылат (1 күн), андан кийин кайнаган сууга ачыган шакты кошуп, бышырат (1,5 саат). Бышырган шакты (атала) суутуп, угут (атайын 1 жума өндүрүлүп, кургатылып, тегирменге же жаргылчакка тартылган буудай) кошуп, жакшылап «чечтирип» аралаштырат, анан ачыткы (көрөңгө) кошулуп, жылуулап жабылат. Ал ошол калыбында 6-8 саат бою ачыйт. Ачыгандан кийин ага кайнаган суу кошуп, аталгы же баштык менен таза идишке сүзүлүп алынат.

Бозо салыныш ыкмасына жараша жаш бозо, кордолгон бозо (шагы 3-4 күн ачытылып, угуту көбүрөөк салынат), «кекире даам кер чагыр бозо» (күчтүү бозо), «суу татыр сулатыр бозо», «илеби ширин-ак көпшөк бозо» (жумшак), «камшак бозо» (начар) деп бөлүнөт.

Кадимки эле бозону ичердин алдында бир аз май кошуп (болжол менен 1 л бозого 100 г май), ыкчам ысытып берет. Мындай бозо «кара куурдак» деп аталат. Аны сыркоолоп (чыйрыгып) же күчтүү тамактан соң күптүү болгон учурда ичсе, тамакты тез аш кылууга жардам берет.

Элдик медицинада бозонун организмге оң таасирин тийгизген бир топ дарылык касиеттери белгилүү.

Бозо муздак жерде сакталат.

Пикир

Оставить комментарий