Бишкектик Тилек: мыйзамды сактап жана маданиятын кабыл алсаң, миграциянын кыйынчылыгы жок

2361 кароо Аналитика 0

“Россиядагы мигранттар” долбоорунун жаңы каарманы Кыргызстанда юрист адистигине окуп жатып кантип Москвада иштегени жана россиялык Аба-десанттык аскерлеринин күнү ал үчүн эмнеге кымбат экенин айтып берди.

Келбеттүү жаш жигит жүзүндө жылмаюу менен мага менюну сунуп, алардын кафесинин “жада калса, коңшу кеңсенин юристтери” келип жеген мантысын сөзсүз жеп көрүүнү кеңеш кылды. Мен макул болдум. Бул чындыгында эле мен Москвада жеген эң даамдуу манты болду. Буга жооп катары Тилек мага өзүнүн башынан өткөндөрүн айтып берди.

“Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз: үч кыз жана эки эркек. Ар бирибиз ар башка облустан болуп калдык. Себеби ата-энелерибиз туулган Токтогул Кыргызстандын дээрлик бардык облустарына кошулуп чыккан”, - деп күлөт бир туугандардын кенжеси болгон Тилек.

Тилектин атасы – архитектор, Новосибирскте кызмат өтөп, ошол жактан ЖОЖду аяктаган. Окуусун аяктаган соң Кыргызстанга кайтып келген. Апасы – кыргыз тили жана тарых мугалими. Тилектин айтымында, анын окуучуларынын арасында атамекендик эстрада жылдыздары көп чыккан.

Тилек 1992-жылы Бишкекте туулган. Ал жакта орто мектепти аяктап, Башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясына караштуу юридика техникумуна тапшырат. Адистиги – жарандык укук юристи.

Москвага көчүү

2009-жылы Тилек тыштан окууга которулуп, Россияга иштегени кетет. Аны менен бирге апасы да келет. Россияда анын эжеси күйөөсү менен иштечү. “Мен Москвага скинхеддер күч алып турган жылдары келдим. Бактыга жараша, мен аларга жолуккан жокмун. Мен алардан башка миграциянын кыйынчылыгы жок деп ойлойм. Менимче, дүйнөнүн ар бир шаарында жергиликтүү мыйзам сакталып, маданиятын үйрөнүү керек деп санайм. Ошондо маселе болбойт. Бардык эле өлкөлөрдө кыйынчылыктар бар, а сен аларга көнүп калганда – ала жок болуп кетет”, - деп ой бөлүшөт Тилек.

Жаш жигит көнүп калган көнүүгө мажбур болгон кыйынчылыктардын бири ушул болсо керек. “Документтер менен көйгөй менде эч болгон эмес, мен дайыма легалдуу иштейм. Бирок дайыма мени милиция бөлүмүнө алып кетип калышса, эч ким билбей калат деген кооптонуулар болгон. Башында менин уюлдук телефонум жок болчу. Ал эми милиция бөлүмүнө бир нече жолу “документтерди текшерүү үчүн” түшкөнмүн. Бактыга жараша, баары жакшы бүтүп, мен үйүмө кайтып келчүмүн. Апама эч нерсе айтпаганга аракет кылчумун. Аны аяйм”, -дейт Тилек.

Биринчи маяна

Акырындык менен үй-бүлө Москвада орун ала баштады. Тилек эже жездеси иштеген ири холдингге топтоочу (комплектовщик) болуп орношот. Кийинчерээк аларга агасы менен жеңеси келип кошулушат. Агасы дагы холдингге бригадир болуп кирет. Баары жумушта кезде апасы үйдө неберелери менен калчу.

Тилек бүгүн да алгачкы эмгек акысынын суммасын так айта алат – 15 900 рубль 2010-жылы жаш жигит үчүн көп акча болгон. Бул акчага ал биринчи уюлдук телефонун сатып алган. Бирок өзүнө эмес, апасына. Агасы холдингден курулуш тармагына өткөндө, Тилек анын ордуна бригадир болуп, 2011-жылы 21 000 рубль алып калган. Бирок жарым жылдан кийин холдинг жабылып калат. Ал сессиясын тапшырууга Бишкекке кайтат.

Юристтин айлыгы бармендикинен төмөн

“Бул жылдары мен туугандарыма жардам берүү үчүн Бишкекке көп эле келип-кетип турдум. Бирок дайыма кайра келем”,- деди ал. Акыркы ирээт ал Бишкекте бир гана жума чыдады. Көрсө, ал Москванын темпине жана ызы-чуусуна көнүп калыптыр. Дегинкиси, чоң шаардын жалыны гана тарткан жок.

Кыргызстанга сапарларынын биринде жигит Бишкек шаардык Ленин райондук сотунда адистиги боюнча иштегенге жетишкен. Жарым күн, штаттан тышкары кызматта. Күнүнө 300 сомго. Иштен чыгып Тилек окуусуна чуркап, ал эми кечки алтыдан түн жарымына чейин кафеде бармен болуп иштеп, ар бир чыгышына 500 сомдон алчу. Ошентип күнүнө 800 сом. Бирок бул акча жетишпей, Тилек кайра кеткен. Москвага келип, азербайжан түнкү клубуна бармен болуп орношот.

“Мен ошол жактан тажрыйба топтодум. Ал эми Кыргызстанда рюмка коньякты куюп, жеңил салатын берип койсоң болду. Москвада болсо, мен ар түрдүү коктейлдерди жасаганды үйрөндүм. Кийин таанышымдын агасы ачкан түнкү клубга ишке кирдим. Ал жакка көбүнесе славяндар келише турган, ошондой эле биздин мекендештер барган ресторан жана караоке бар”, - деп эскерет ал.

Аба-десанттык аскерлер күнү – кубанычтын себеби

“Мен ал жакта иштеген беш жылда кардарлардын арасында кыргыздар көбөйгөнү байкалды. Алар Москвада жакшы акча табып калышканы көрүнүп турду. Алар клубга метро менен эмес, таксиде же унаалары менен келе башташты. Колдорунда “айпаддары” бар”,- деп айтып берди Тилек.

Чындыгында бул жайда дайыма эле тынч болчу эмес, кээде мушташтар, атышуулар болуп турчу. Жыйынтыгында клубду убактылуу жаап коюшуп, 2014-жылдын башында башка жерден ачышкан. Бул премиум-класстагы жай болгон. Мында Тилекке иш табылып, официант жана бармен болуп иштейт. (Негизи тейлөө кызматында кыргыздар иштеген). Бирок бир жылдан соң клубду кайрадан жаап салышкан – ал жайгашкан имарат түртүрүүгө кеткен.

“Ошентип ишсиз калып, 2015-жылы жайында үйгө кайтып келдим. Окуумду улантып, үйлөндүм. Үйлөнүү тойдон кийин биз Москвага келип, тогуз айдан кийин балалуу болдук. Аба-десанттык аскерлер күнүндө жубайым Сымбат аттуу кыз төрөп берди”,- деп эскерет маектешим.

Москва, Бишкек, Прага

Бир жылдан кийин жубайы кызым менен Кыргызстанга кайтып келишет. Тилек калып, өзүнө жаңы иш тапты – достору менен ар түрдүү иш-чараларды сүрөткө тартып иштеп баштайт.

“Мен орто даражадагы адамдар үчүн жеткиликтүү баада банкеттерди өткөргөн кафеде көп иштеп калдым”, -дейт Тилек. Анын ээсине тил табыша билген Тилек жагып калып, ага администратор болууну сунушташат. Ал макул болот. Ошентип, анын үй-бүлөсүн кыстаган материалдык маселелер чечилет. Бирок ири шаардын шарапатына карабастан, ал Кыргызстанга кайтып келгиси келет.

“Учурда мен үйүмдү оңдоп-түзөөгө жана ата-энемдин тиричилигине акча топтоп жатам. Алар – мен үчүн эң баалуу. Мен Россияда калгым келбейт. Менин мекеним - Кыргызстан”, - дейт Тилек.

Ошону менен бирге Тилектин кыялдарында бир гана Бишкек эмес. “Праганы көрүп, дүйнө жүзүн кыдырганды кыялданам. Эмнеге Прага? Мен бул шаардын архитектурасы кооз экенин YouTube роликтеринен көп көрдүм. Мурда ал жакка туугандарым көп барып турушчу, бул шаар тууралуу айтып беришчү. Азыр жашоом кандайдыр бир деңгээлде турукташып калганда, мен пландаштырып, саякатка каражат топтой алам”.

Булагы: Deutsche Welle

Пикир

Оставить комментарий