Бишкекте радиаторлор жана жардыргыч заттар өндүрүлө баштайт

Экономика 0

Бишкек, 13.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жыл аягына чейин Бишкекте тиричиликтик биометаллдык радиаторлор жана жардыргыч заттар өндүрүлө баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Инвестицияларды жана экспортту илгерлетүү мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, радиаторлорду өндүрүү долбоору Кытай инвесторлору тарабынан каржыланат.

“Бул долбоор болжол менен 40 млн АКШ долларына бааланууда. Аны ишке ашыруу “Бишкек” ЭЭА аймагында жүргүзүлөт. Биздин пландар боюнча, ушул жылдын декабрында сынамык өндүрүш башталат”, - деди Мамагенттиктин директору.

Толук кубаттуулукта иштеп баштаган соң, ишкана 200дөн ашуун жумуш орундарын түзөт. Ошондой эле, 2017-жылдын аягына карата Мамагенттик башка бир кытай компаниясы менен жардыргыч заттарды өндүрүү ишканасын ачууну мерчемдеп жатат.

“Бул инвестициялык долбоор 10 млн долларга бааланууда. Ал жыл аягына чейин иштеп баштайт. Булар: тоо-кен казуу, энергетика тармагында колдонулуучу жардыргыч заттар. Бүгүнкү күнү мындай заттар үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинет. Эгерде мында өндүрө турган болсок, аларды ташуу мөөнөтү кыскарып, баасы арзандайт”, - деп кошумчалады Орозбеков.

Пикир

Оставить комментарий