Бишкекте Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленди

787 кароо Маданият 0

Бишкек, 03.02.18. /Кабар/. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык Опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, атактуу балерина Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага министр Султан Жумагуловдун атынан министрдин кеңешчиси Тургунбай Алдакулов чыгып сөз сүйлөдү.

Иш-чарага балеринанын жакындары жана чыгармачылыгын баалаган инсандар келишти.

Пикир

Оставить комментарий