"Атанын керээзи" тасмасы барган фестивалдардан куру келген жок - Бакыт Мукул

2404 кароо Аналитика 0

Учурда кыргыз кинематографиясы жаңы заманбап багыт ала баштады. Буга кыргыз тасмаларынын арасынан эл аралык деңгээлге чыгып, бир катар жогорку баа берүүлөргө татыган “Атанын керээзи” тасмасы да салмактуу салымын кошту. Ар түрдүү эл аралык сынактарда жана кино фестивалдарда аталган тасма бир нече номинациялар боюнча сыйлыктарды алууга жетишкен ийгиликтүү тасманы жаратуучулардын бири актер Бакыт Мукул агабыз “Кабар” агенттигине мейманга келди.

- Алды менен кино чөйрөсүнө кантип келип калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Кино искусствосу – бул дүйнөлүк тил десек болот. Кино аркылуу эмне айткың келсе, ошонун баарын жеткире аласың. Бул өңүттөн алганда кино эң таасирдүү курал десек болот. Анда жаманды да, жакшыны да көрсөтө аласың. Адамдын ички дүйнөсүн да ачып берүүгө болот. Дүйнөдө эмне көйгөй, окуя болсо, ошону кино аркылуу чагылдырууга болот. Негизи дүйнө элдеринде кино өзүнчө бир орунда турат. Адамдар турмушта кайсы тармакта жүрүшпөсүн, тасмаларды көрбөй коюшпайт. Ошол эле учурда мен да ушундай артист болсом деген кыял көпчүлүк адамдарда болот. Бала чактан берки максаттардын артынан театрга келип иштедик. Анан тасмаларга тартыла баштадым. Ушу кезге чейин 40тай роль жараттым. Бара-бара режиссерлордун ишине сереп салсам, алардын кайсы бир маселени, окуяны же көйгөйдү болобу же адамдын жан дүйнөсүн, тагдырын ачып берүүсү өзгөчө чеберчиликти талап кылат экен. Мен ойногон ролдордун көпчүлүгү эле жеңил-желпи болуп келди. Кыргызстанда мыктымын деген режиссерлордун тасмалары деле алынча болуп жүргөндө менде ой кете баштады. Мени ушул жагдай “бузду” десем да болот. Өзүмдү актер катары гана санап жүргөн учурда эле, “Эмне үчүн мындай тасмалар тартылбайт?” деген ойлор мени режиссерлукка алып келди. Биринчи дебюттук тасмам “Атанын керээзи” болду. Кудайга шүгүр, бир катар сыйлыктарга татыдык. Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алдык. Азыркы учурда 14 сыйлыгыбыз бар. Барган жерден куру келбей, жок дегенде, кино сынчыларынын, кино таануучулардын сыйлыктарын алып келип атабыз.

- “Атанын керээзи” тасмасын тартууга эмне түрткү болду жана тасма өз максатына жеттиби?

- Бул автордук тасма болуп саналат. Негизи автордук катары кинонун бийик деңгээлине жеткен тасмалар саналат. Европада автордук олуттуу тасмаларга өзгөчө маани берилет. Мен жана жанымдагы оператор жигит экөөбүз дагы автордук тасма тартсак деп жүрдүк. Экөөбүздүн көз караштарыбыз дал келет. Ал оператор болуп, мен режиссер катары иштей турган болгонбуз. Анан тасмада мен да ойной турган болгондон кийин экөөбүз тең режиссер болууну чечтик. Мындан соң тасманын өзөктүү идеясын издеп, өлкөдө эмне башкы көйгөй болуп жатат деген нукта изденүүлөргө кириштик. Бул тема бир күндө эле табыла койгон жок. Көп убакыт кетти. Союз таркагандан кийин республикада жашоо кандай нукка өзгөрүлдү, кыргыздар эмнеден аксап жатат, өзүнүн улуттук салттуулугу жоголуп баратабы деген суроолордун аркасынан жүрүп, миграцияга келип такалдык. Жарандарыбыз чет жакка агыла беришсе, бара-бара эмне болот, ушинтип отуруп кыргыз калабы деген маселени койдук. Тасманын алкагында 90-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки кырдаал бир үй-бүлөнүн мисалында берилди. Окуяны башынан баштабай, бир үй-бүлөнүн трагедиясы болуп бүткөндөн кийинки бөлүгүн алдык. Америкага барып жашап калган каармандын жашоосунун кульминациясы анын өлүмү менен аяктады. Эми анын баласынын тагдыры кандай болот деген маселени койдук. Эл аралык фестивалдарда мына ушуну чагылдыруудагы тасманын сюжетинин курчтугу жана чебердигине жогору баа берип жатышты. 15 жылдык жашоону 1 жумага камтып бергенибиз, стилистикалык өзгөчөлүгү бааланды. Фестивалдарга барганда ачылыш биздин тасма менен башталганда эле, байгелүү кайтат экенбиз деп кудуңдап калабыз. Кечээ жакында эле Италияда өткөн эл аралык “Lucania” фестивалында эки байгелүү болдук. "Толук метраждуу мыкты көркөм тасма” жана "Мыкты сценарий" номинациялары боюнча сыйландык. Ошондой эле, италиялык дистрибьюторлор тасманы фестивалдын мыкты тасмасы экенин айтышып, Венециядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүшөрүн белгилешти.

- Тасманы тартууда кандай кыйынчылыктар болду?

- Тасманын идеясынын үстүндө иштеп жатканда эле кыйынчылыктар болду. Себеби, мен актер, Дастан оператор. Сценарийин жаздык. Макташты. Бирок, башкы режиссер тартуусу керек, силер режиссер эмессиңер дешти. Кеңсебиз да жок, бул тасманын идеясын көчөдө жүрүп, бактын көлөкөсүндө отуруп, басып-туруп топтодук. Анан баары даяр болгондо каражат издеп баштадык. Эч ким ишенбейт. Мен оозума сала бергендей “дүйнөлүк тасма тартабыз” деп айтам. Режиссерлор толтура жүрсө, булар кандай тасма тартышат деп артыбыздан күлгөндөр да болуптур. Кийин өздөрү айтып жүрүшөт. Акчаны көпкө издедик. Бул бизге утуштуу болуптур. Себеби ошол мезгилде өзүбүз эле тасманы тартуунун бардык баскычтарын пландап, раскадровка жасап алдык. Андан соң, Кинематография департаменти тарабынан эксперттик кеңеш түзүлүп, 4 млн сомдой каралган. Андан 2 млн сом бөлүндү. Буга кошумча тууган-туушкан, дос-тааныштан чогултуп отуруп, тасманы тартууга жетиштүү каражат топтолду. Анткен менен бул кыйынчылыктар акталып, кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, 1937-жылдан берки дүйнөдөгү кино тасмалардын энциклопедиясына 2016-жылы биринчи жолу Кыргызстандын желеги менен “Атанын керээзи” тасмасы киргизилди. Бул тасма менен кыргыздар сыймыктанса болот. Учурдан пайдаланып бизди колдогон ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбековго, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбековго, “KG-групп” компаниясынын директору Имамидин Ташовго, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевге, Гүлнура Керимовага ыраазычылык билдирем.

- Эл аралык фестивалдарга катышууда кандай сезимдер болду?

- Мен да убагында дүйнөлүк белгилүү артисттерди, режиссерлорду кандай адамдар болду экен деп суктанып келгем. Өмүр бою тасмалардан гана көрүп жүргөн адамдарга жолугуп сыймыктандык. Фестивалдарда аты чыккан таланттар менен сүрөткө түшүп коеюн деп ойлойсуң. Ошол эле учурда бизден озунуп, “Алтын Зенитти” алган тасманын режиссеру деп келип биз менен сүрөткө түшүп жатышса, толкунданып, сыймыктанып турдук. Албетте, бул толкундоолор бизге жаңы чыгармачылык дем-күч бере алды.

- Атадан кем уул, атага тең уул демекчи, кандай уул, кандай атасыз?

- Атам чыгармачыл адам болгон. Таланты өтө бийик болчу. Оңой менен киши жактыра берчү эмес. Атамдын бардык нерсеге өзүнүн жеке көз карашы бар болчу. Анын кеп-кеңештеринин, айткан сөздөрүнүн мага тийгизген таасири чоң болду. Союз учурунда эле, эл бир багыттуу болсо, анын өзүнүн багыты бар, анча-мынча нерсени жактырбаган адам болгон. Анан кийин демократия келген кезде өзү “атаңдын көрү, дал менин заманым келди да, бирок картайып калдым” дечү. Чыгармачылыкта дагы адамдын бизге таасири зор, анын айткан сөздөрү абдан пайдалуу болду. Себеби, ал ар дайым бизге “балдарыңар өсүп келе жатат, аларга билим бермейин сахнага чыгарбагыла, орто жолдо калат, бийиктигине жете албай калат” деп айтчу. Ошондуктан, “Чоро” тобунун көркөм жетекчиси Марат иним (Марат Абылов – ред.) окууга көп убактысын берди. Ошондой эле, атабыз тарых, санжыраны жакшы билчү. Кыргыздын салттарын да бизге жакшы жеткире алды. Алдыда пландап жаткан философиялык тасмада кыргыздын салттуулуктары тууралуу ошол атамдан угуп билгендеримди колдонууну максат коюп турам.

Ата катары балдарымды урушпайм деле. Кээде ойлонуп калам, кичине катуу деле болуп коюш керек экен деп. Улуу муун бала тарбиялоодо салттуулукту карманып, уктап жатканында өөп коюшчу. Азыр баланын ою менен көп болобуз. Эмгекке үйрөтүү деген мурдагыдай эмес. Үч уулум тең чыгармачылыкты тандашкан. Улуу балам да кино тармагында. “Атанын керээзи” тасмасында башкы ролду ойногон уулум Иманберди – бийчи. Ал эми кенже уулум Жалдагы кыргыз-кытай мектебинде окуйт. Гонконгдо кинематография мектеби бар. Ошол сыяктуу чет жактан кино тармагында билим алуу үчүн кытай тилин үйрөнүүнү максат койду.

- Актердук билим алуу зарылбы?

- Учурда актердук билим берип, сахнага таланттарды даярдоо багытында бир нече окуу жайлар, окуу бөлүмдөр жана атайын курстар бар. Бирок, аларга окуганы келгендин баары эле кабыл алынып, чыныгы таланттарды тандоо көңүлдөн тышкары калып жатат. Айрыкча шакирт катары чыгып, “менин окуучум” дегендер көбөйүп кетти. Бирок, актердук чеберчиликти окугандарга караганда элде чыккан таланттардын күчтүүлөрү болот. Ошондуктан, билим менен талант шайкеш келиши зарыл деп эсептейм.

- Тасманын мазмунунан улам чыккан суроо: үй-бүлөлүк баалуулукту кантип сактап калуу керек?

- Бул маселеде башкы милдет мамлекеттин мойнунда. Мамлекеттин идеологиясы оңолгуча эл оңолбойт. Үйдөн ата-энелери тарбиялайт, бирок көчөгө чыкканда башканы жасап кеткендер бар. Мен өзумдүн башыман өтүп атат. Уулдарыма дайыма айтам. Кыргыздын наркында улууну сыйлап, тура калып орун берген, улуулар менен сөз талашпайт деген сыяктуу майда бирок маанилүү эрежелерди үйрөтүшүбүз зарыл. Ушунун баары эле билишет. Бирок иш жүзүндө аны карманбай коюшат. Ошондуктан коомчулук оңолсо, кыргыз бардык баалуулуктарын сактап кала алат деп ишенем.

- Президенттик шайлоо алдында турабыз. Өлкө башчыбыз кандай адам болушун күтүп жатасыз?

- Мына шайлоонун алдында талапкер катары канча адам чыкканына баарыбыз күбө болдук. Чындыгында, алардын баарын эле татыктуу деп айта албайсың. Негизи кыргызда намыс, уят деген бийик турушу керек. Айрымдар талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында чындыкка бир карап коюшса болмок. Албетте, мамлекет үчүн күйүп, чечкиндүү кадамдарды жасап, кыргыз элин бийиктикке көтөрөм деген ниети бар адамдын шайланышын каалайм. Кыйынчылык күндөр да өтөт. Бирок, бир чындыкты айта кетейин. Балачагыбызда жаңы жылды кудуңдап күтчүбүз. Бирок жаңы жыл келгендин эртеси баягы эле жашоо уланчу. Ошол сыяктуу ар бир шайлоодон кийин жаңылыкты күтөбүз. Бирок, биздин үмүттөрүбүз толук кандуу акталбай калып жатат. Анткен менен өлкөбүзгө өнүгүүнү каалайм. Чыгармачылыктагы ар бир ийгилигибизди элибизге арнайбыз.

- Маегиңизге рахмат! Сизден дагы мыкты тасмаларды күтөбүз.

Венера Акматова, “Кабар”

Пикир

Оставить комментарий