Айт намаз 21-августта Бишкектеги Эски аянтта окулат. Иш-чаранын программасы

Коом 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. Айт намаз эртең, 21-августта Бишкектеги Эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (КМДБ) кабарлашты.

Курман айт майрамы Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин белгиленет.

Айт намаздын программасы:

06:30-07:15 - Дин аалымдарынын баяндамалары;

07:15-07:35 - КР жогорку муфтиятынын орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;

07:35-07:45 – Бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосу;

07:45 - Айт-намаза.

Пикир

Оставить комментарий