Абылгазиев: Суу жана жер ресурстарын коргоо – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Суу жана жер ресурстарын коргоо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги Өнүктүрүү форумунда билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин форумда сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу Форумдун меймандары жана катышуучулары!

Биздин өлкөдө 6516 мөңгү жайгашкан, анын жалпы аянты 8 миң чарчы километрди же өлкөнүн жалпы территориясынын 4% түзөт. Бул өлкөнүн негизги байлыгы жана келечеги. Ошол эле учурда климаттын глобалдык жылышынан улам, республика акыркы 30 жылда мөңгүнүн 25% жоготту, мындай шартта 2100-жылы өлкө мөңгүнүн 98% чейинкисин жоготушу ыктымал.

Ошондуктан мен бул Кыргыз Республикасынын гана эмес, бардык Борбор Азиянын жана дүйнөлүк коомчулуктун маселеси деп ойлойм.

Буга карабастан биздин өлкө «жашыл экономиканын» артыкчылыктарын жылдыруу аркылуу туруктуу өнүктүрүүнү жактай турганын билдирди, келечек үчүн негизги жоопкерчилик дүйнөдөгү индустриялык жактан өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдө.

Мындай мисал келтирейин.

Дүйнөдөгү бардык 200 өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2018-жылы 84,7 трлн. долларды түздү. Ошол эле учурда дүйнөдөгү бардык 10 ири экономиканын үлүшү 54 трлн. долларды түздү.

Бул өтө маанилүү учур. Демек, дүйнөдөгү 10 ири өлкө абага таштандыны калган 190 мамлекетке тете таштайт.

Бул көрсөткүч каржылоо жана экономикалык өнүгүү маселенин балансын гана эмес, социалдык теңдик, дүйнөдөгү өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экологиялык коопсуздугун бүлүндүрөт.

Биз баарыбыз негизги маселе делген – экономикалык өсүш жаратылыш ресурстарын ургалдуу пайдалануу менен коштолбошу керек, тескерисинче экологияны жана курчап турган чөйрөнү коргоону ишенимдүү түрдө камсыздашы керек деген маселени чечишибиз керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2023-жылдарга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилген.

Бул маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана климаттык каржылоо шартында долбоорлорду тандоо механизмин өзгөртүү чечими кабыл алынды.

Бул жерде курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча «Centerra Gold» ишканасы менен түзүлгөн стратегиялык келишимдин алкагында Өкмөт үч фондду: Жаратылышты өнүктүрүү фондун, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөш фондун, Онкологиялык кызматтарды колдоо фондун түзгөнүн айта кетүү жөндүү. Жалпысынан 2026-жылга чейин жогоруда айтылган программаны жүзөгө ашыруу үчүн 126 млн АКШ доллары берилет.

Суу жана жер ресурстарын коргоо – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири.

Кыргыз Республикасы – кичинекей өлкө. Бизде болгону 1,2 млн гектар айдоо аянты жана 9 млн гектар жайыт жер бар. Муну эске алуу менен, Өкмөт Өнүгүү келечегинин стратегиялык программасында чагылдырылган жер ресурстарын башкарууунун натыйжалуу механизмин иштеп чыкты.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Адам капиталы – биздин өлкөнүн негизги ресурсу.

БУУӨПдүн Адамзаттын өнүгүүсүнүн глобалдык индексине ылайык, республика 2018-жылы адамзат капиталын өнүктүрүүнүн орточо деңгээлиндеги топко кирген 189 өлкөнүн ичинен 122 орунду алган. Албетте, бул андай деле жакшы көрсөткүч эмес. Өкмөт өлкө калкынын ден соолугун, билим алуусун жана ишке орношуусун жакшыртуу боюнча ырааттуу жана максаттуу иштерди жүргүзүүдө.

2012-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча «Ден соолук» Улуттук программасын жана 2023-жылдарга чейинки Саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасын жүзөгө ашыруу менен, жарандардын орточо өмүр сүрүүсүн 71,3 жылга чейин жеткирүүгө, мындан тышкары балдардын жана энелердин өлүмүнүн санын азайтууга шарт түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү демилгеси бүгүн биздин коомдун чыныгы идеологиясына айланды. Анткени анда айыл жеринде жашаган өлкө калкынын 60% ашыгынын жашоодо маанилүү маселелери камтылган.

Мында белгилей кетчү жагдай, аймактардын маселелерин чечүү менен биз бир катар маанилүү милдеттерди ишке ашырып жатабыз. Бул калктын иш менен камсыз болушу жана миграциянын азаюусу, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, адамдардын жетиштүүлүгүн жогорулатуу жана жакырчылыкты кыскартуу.

Алсак, бул максаттарда 2018-2022-жылдарга карата аймактык өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды. Бул Концепция аймактарды өнүктүрүүгө кластердик ыкманы аныктап, индустриалдык парктарды жана өндүрүштүк кластерди интенсивдүү өнүктүрүүнүн аймактык борборлору катары өсүү чекити болгон 20 шаарды өнүктүрүүгө түрткү берет.

Тажрыйба көрсөткөндөй, аймактарды кластердик өнүктүрүү үчүн бир топ финансы каражаттары талап кылынат. Бул өңүттөн алганда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бирге өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча максаттуу чаралар көрүлүүдө.

Мисалга алсак, ишкерлик субъекттеринин укуктарын коргоо үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосунда бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери өнүгүүдө. Бул үчүн тиешелүү Борбор түзүлгөн. Анын башкы максаты – жеке инвесторлорду тартуу аркылуу мындай долбоорлорду илгерилетүү болуп саналат. Мында бизге Азия өнүктүрүү банкы чоң жардам көрсөттү.

Ишкерлик субъекттерин текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилди. Бул чаралар бизнеске өнүгүүгө жана өз капиталын көбөйтүүгө шарт түзөт деп ишенем.

Өкмөт бизнес коопсуздуктун бекем кепилдиги бар жана өлкө мыйзамдары натыйжалуу иштеген жерде гана өнүгөрүн даана түшүнүп турат. Биз туура жолдо бара жатабыз деп ойлойм. Алсак, акыркы мезгилде өлкө экономикасына түз инвестициялардын туруктуу өсүшү белгиленүүдө, ал эми 2019-жылдын жарым жылдыгында түз инвестициялардын өсүшү 59,4% түзгөн.

Өкмөт бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, теңдештирилген бюджетти камсыз кылуу жана анын киреше бөлүгүн ички ресурстардын эсебинен түзүү боюнча багытты улантат.

Биз акыркы он жылдыкта биринчи жолу тышкы карыздын азаюусун камсыз кыла алдык. Алсак, 2017-жылы ИДПга карата карыз 53% түзсө, 2018-жылы – 48% болсо, үстүбүздөгү жылдын 8 айында – 43,7%. Азаюу тенденциясы Өкмөт тарабынан улантылмакчы.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Бүгүнкү дүйнө – бул санариптик технология дүйнө.

Ошондуктан 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында бекитилген санариптик трансформация концепциясы экономикада технологиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Бул «Коопсуз шаар» долбоорун, бардык мамлекеттик органдарды камтыган, калкка кызмат көрсөткөн 110дон ашык тейлөөнүн электрондук форматка өткөн «Түндүк» системасынын жүзөгө ашырылышы, бажы жана салык кызматтарындагы видео байкоо системасынын ишке кириши, мисалы: 5 чек ара көзөмөл-өткөрүү жайында инмпекциялык-текшерүүчү комплекстердин орнотулушу, ал эми жакынкы убакытта постторго 472 видеокамера коюлат жана башка чаралардын аткарылышы.

Бул багыттар боюнча биз өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга даярбыз».

Пикир

Оставить комментарий