Абылгазиев: КМШда чыгарылган товарлар уюмга кирген өлкөлөр арасында артыкчылыкка ээ болушу керек

Коом 0

Москва, 25.10.19. /Кабар/. КМШда чыгарылган товарлар уюмга кирген өлкөлөр арасында артыкчылыкка ээ болушу керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин (КМШ) өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумунда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, уюмдун алкагында КМШга мүчө мамлекеттердин дээрлик баардык тармактарда кызматташуусу үчүн баардык шарттар түзүлгөн.

"Кыргызстандын өкмөтү КМШ өлкөлөрүнүн өнөктөштүгүн жана кызматташтыгын арттыруусун колдойт. Бири-бирибиз менен болгон сооданын көлөмүн көбөйтүү, уюмдун алкагында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иштерди жандантуу керек деп эсептейбиз", - деди ал.

Ал белгилегендей, алыскы өлкөлөрдөн келген өнүмдөргө караганда КМШда чыгарылган товарлар уюмга кирген өлкөлөрдүн базарларында артыкчылыкка ээ болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий