А.Касымалиеванын ЖК басма сөз кызматынын дарегине айткан сын-пикирине байланыштуу түшүндүрмө

539 кароо Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Бүгүн, 13-апрель күнү өткөн Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Аида Касымалиева видеотасмалардын телекөрсөтүү стандарттарына жооп бербей турганы тууралуу кыргыз парламентинин басма сөз кызматына карата сын-пикирин билдирди. Айрыкча, "Пирамида" телеканалы аркылуу онлайн-көрсөтүлүп жаткан парламент жыйындарынын чагылдырылышы сынга алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу басма сөз кызматынын төмөндөгүлөрдү билдирет:

Видеотасмалардын сапатынын начардыгы тууралуу сындар Жогорку Кеӊештин депутаттарынан эле эмес, биздин медиа-өнөктөштөрүбүз – ата-мекендик телеканалдар тарабынан да айтылып келет.

Видеотасмалардын сапатынын начардыгы, бүгүнкү күндө Жогорку Кеӊештин жыйындар залында коюлган видеокамералардын тартуу сапатына көз каранды, ошондон улам, басма сөз кызматы мына ошол колдо бар техникалык мүмкүнчүлүктөр менен иштөөгө аргасыз болууда. Ал тургай, басма сөз кызматы да жыйындар залдарына профессионалдык жабдууларды орнотуу тууралуу маселени азыр эле көтөрүп жаткан жери жок. Бирок, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө зарылдыгына ылайык, аталган маселе азырынча ачык бойдон калууда.

Эске салсак, ушул жылдын май айында өлкөдө толук бойдон аналогдук телеберүүдөн санариптик телеберүүгө өтөт. Буга байланыштуу видеокамераларды профессионалдык жабдуулар менен алмаштыруу милдети турат. Эгер ушул жылы заманбап видеокамераларды орното албасак, Жогорку Кеӊештин жыйындарын санариптик форматта чагылдыруу техникалык жактан мүмкүн болбой калат.

Андыктан, басма сөз кызматы Жогорку Кеӊештин аппараты менен депутаттардан аталган маселени түшүнүү менен кабыл алат деген ишенимде турат. Анткени, Жогорку Кеӊештин жыйындарын сапаттуу түз чагылдырып берүү парламенттин ишинин ачык-айкын болушуна шарт түзөт. Ал эми басма сөз кызматы мындан ары да кыргыз парламентинин ишин демократиялык нукта жана плюрализм негизинде ачык, так чагылдыруу озуйпасын уланта бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий